Биз менен байланышыңыз

2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 4,6%га гана өсүшү ыктымал

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 415 | 0

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 4,6%га гана өсөрүн болжолдоодо.

Банктын баяндамасында айтылгандай, саясий тобокелдиктер жана Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизилишине байланыштуу жарала турган инвестициялык климаттагы көйгөйлөрдөн, көзөмөл органдары тарабынан орто бизнеске болгон текшерүү жана басымдын күч алышынан улам 2022-жылы Кыргызстандагы экономикалык өсүш 4,6%ды түзөт. Ошол эле учурда Тажикстан менен Өзбекстанда 6%, Түркмөнстан менен Казакстанда 3,8% өсүш болору айтылган.

Белгилей кетсек, банк быйыл Кыргызстандын экономикасы 6,6%га өсөрүн болжолдогон.

Быйыл Кыргызстандын экономикасы 6,6%га өсүшү мүмкүн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM