Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстандын экономикасы 6,6%га өсүшү мүмкүн

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 500 | 0

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 2021-жылы Кыргызстандын экономикасы 6,6%га өсөрүн болжолдоду.

Аталган банк Борбор Азия мамлекеттеринин 2021-2022-жылга карата экономикасынын өсүшүнө талдоо жүргүзүп, прогноз жасаган.

Банктын баяндамасында айтылгандай, 2020-жылдагы пандемия учурунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы орточо 0,8%га кыскарган. Ал дүйнөнүн башка аймактарына караганда эң төмөн көрсөткүч болгон.

Быйыл Борбор Азияда экономикадагы өсүш Кыргызстанда – 6,6%, Тажикстанда – 6,5%, Монголияда – 6,3%, Өзбекстанда – 5,6%, Түркмөнстанда – 4,6% жана Казакстанда 3,6%ды түзөт.

Кыргызстан менен Тажикстанда эң жогорку өсүш болжолдонуп жатышы, биринчи кезекте, акча которуулардын калыбына келиши жана ал мамлекеттердеги керектөөнүн артышы менен байланыштуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM