Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: Кытай эли сырткы күчтөрдүн кулга айландыруусуна жол бербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 611 | 0

Кытай эли сырткы күчтөргө өзүн кысмакка алуусуна, кулга айландыруусуна эч качан жол бербейт. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын 100 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал Кытай эли башка бир улутту куугунтуктабаганын жана адилеттүүлүктү жактаарын билдирди. Си Цзиньпин кытай улуту өзүнө ишенген, улуттук ар-намысы бар эл экенин белгиледи.

«Кытай эли сырткы күчтөргө өзүн кысмакка алуусуна, эзүүсүнө жана кулга айландыруусуна эч качан жол бербейт. Андай кылууну каалагандар 1, 4 млрд адамдын кан-жаны менен тургузулган улуу сепилге башын жарып алат», — деген Си Цзиньпин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM