Кытай эли сырткы күчтөргө өзүн кысмакка алуусуна, кулга айландыруусуна эч качан жол бербейт. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын 100 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып айтты.
Ал Кытай эли башка бир улутту куугунтуктабаганын жана адилеттүүлүктү жактаарын билдирди. Си Цзиньпин кытай улуту өзүнө ишенген, улуттук ар-намысы бар эл экенин белгиледи.
«Кытай эли сырткы күчтөргө өзүн кысмакка алуусуна, эзүүсүнө жана кулга айландыруусуна эч качан жол бербейт. Андай кылууну каалагандар 1, 4 млрд адамдын кан-жаны менен тургузулган улуу сепилге башын жарып алат», — деген Си Цзиньпин.