Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 268 | 0

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 169 миллионго жетти. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун баяндамасында айтылат.

Эмгек мигранттарынын 99 миллиону эркектер болсо, 70 миллиону – аялдар. Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын арасында жаштардын саны артып, 10%га жеткен.

Баяндамага ылайык, мигранттардын 66,2%ы кызмат көрсөтүү, 26,7%ы өнөр жай жана 7,1%ы айыл чарба тармагында иштейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан чет жерге иштегени кеткен адамдардын саны миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM