Биз менен байланышыңыз

Москвада Путин менен Назарбаев жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 472 | 0

Кечээ, 30-июнда Москвада Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болду.

Жолугушууда Назарбаев Орусия менен Казакстандын алакасы туруктуу өнүгүп келе жатканын белгилеп, пандемия маалында көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык айтты.

«Казакстан менен Орусия мамилелеринин тарыхы – мамлекеттер аралык алаканын үлгүсү», – деди ал.

Путин да эки мамлекеттин алакасы мындан ары да арта берерине ишенимин билдирди.

«Пандемия соода жүгүртүүнүн 4-5%га кыскарышына таасирин тийгизгени менен быйылкы жарым жылдыкта 18%дан ашыгыраак өсүш болду. Ал бир гана бул эмес, башка багыттар боюнча да алакабыз арта берерин көрсөтүүдө», – деди Путин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM