«Сапат» билим берүү мекемеси быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрөт.
Быйыл ЖРТдан өлкө боюнча жалпы 58 окуучу «Алтын сертификат» алган. Анын ичинде «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10 бүтүрүүчүсү да бар.
Эртең, 1-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президенттин «Алтын сертификат» тапшыруу салтанаты өтөт.
Буга удаа «Сапат» билим берүү мекемеси «Алтын сертификат» алган 10, жогорку балл алган 2 бүтүрүүчүсү катышкан салтанаттуу иш-чара уюштурат. Салтанатта лицейлердин директорлору, мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн айтып, окуучуларга белектер берилет.
Иш-чара Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү, 26 дарегиндеги «Юнайтед Ворд» эл аралык мектебинде саат 13:00дө болот.
№ |
Аты-жөнү |
Лицей |
Баллдары |
Эскертүү |
1. |
Жайдар Нургазиев |
Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей |
232 |
|
2. |
Жаңыл Акматова |
Талас, «Мээрим» окуу комплекси |
223 |
|
3. |
Лейла Газизова |
Бишкек, «Айчүрөк» лицейи |
223 |
|
4. |
Жанболот Кубанычбеков |
Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей |
222 |
2019-2020 |
5. |
Эрхан Тургунбаев |
Ош, «Сема» лицейи |
221 |
2019-2020 |
6. |
Дастан Акатов |
Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей |
220 |
|
7. |
Бекмырза Бакытбек уулу |
Нарын, М.Субакожоев атындагы лицей |
220 |
|
8. |
Актан Календеров |
Жалал-Абад, Курманбек баатыр лицейи |
220 |
2018-2019 |
9. |
Маратбек Арапов |
Кадамжай, «Семетей» лицейи |
219 |
|
10 |
Бекбол Ормотоев |
Талас, «Манас-Ата» лицейи |
219 |
|
11 |
Адил Асанакунов |
Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей |
216 |
Мыкты |
12 |
Каныкей Калыбекова |
Талас, «Мээрим» окуу комплекси |
213 |
Мыкты |