«Сапат» билим берүү мекемеси быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрөт.
Быйыл ЖРТдан өлкө боюнча жалпы 58 окуучу «Алтын сертификат» алган. Анын ичинде «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10 бүтүрүүчүсү да бар.
Эртең, 1-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президенттин «Алтын сертификат» тапшыруу салтанаты өтөт.
Буга удаа «Сапат» билим берүү мекемеси «Алтын сертификат» алган 10, жогорку балл алган 2 бүтүрүүчүсү катышкан салтанаттуу иш-чара уюштурат. Салтанатта лицейлердин директорлору, мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн айтып, окуучуларга белектер берилет.
Иш-чара Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү, 26 дарегиндеги «Юнайтед Ворд» эл аралык мектебинде саат 13:00дө болот.
№ | Аты-жөнү | Лицей | Баллдары | Эскертүү |
1. | Жайдар Нургазиев | Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей | 232 | |
2. | Жаңыл Акматова | Талас, «Мээрим» окуу комплекси | 223 | |
3. | Лейла Газизова | Бишкек, «Айчүрөк» лицейи | 223 | |
4. | Жанболот Кубанычбеков | Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей | 222 | 2019-2020 |
5. | Эрхан Тургунбаев | Ош, «Сема» лицейи | 221 | 2019-2020 |
6. | Дастан Акатов | Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей | 220 | |
7. | Бекмырза Бакытбек уулу | Нарын, М.Субакожоев атындагы лицей | 220 | |
8. | Актан Календеров | Жалал-Абад, Курманбек баатыр лицейи | 220 | 2018-2019 |
9. | Маратбек Арапов | Кадамжай, «Семетей» лицейи | 219 | |
10 | Бекбол Ормотоев | Талас, «Манас-Ата» лицейи | 219 | |
11 | Адил Асанакунов | Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей | 216 | Мыкты |
12 | Каныкей Калыбекова | Талас, «Мээрим» окуу комплекси | 213 | Мыкты |