Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банк каржы сабаттуулугу боюнча акысыз онлайн курстарын баштады

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 500 | 1

Улуттук Банк өнөктөштөрү менен биргеликте кыргыз тилинде каржылык сабаттуулук боюнча биринчи онлайн курстарын баштады. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган онлайн-курс колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналган жана алардын жашаган жерине, убактысына карабастан, баарына билим берүү материалдарын акысыз алууга мүмкүндүк берет. Үй-бүлөлүк каржыны пландаштырууга жана башкарууга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн тартууга өзгөчө басым жасалат.

Курс 4 модулдан жана өлкөнүн регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан өз алдынча иштөө үчүн 15 тренингден турат. Окуу актуалдуу маселелерди камтып, калктын каржылык сабаттуулугундагы кемчиликтерди толтурат. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга электрондук сертификат берилет.

Каржылык сабаттуулук боюнча онлайн окутуу курсу «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ), Эл аралык Миграция Уюму ( IOM) жана Бириккен Улуттар Уюму, БУУнун Аялдар Тынчтык Фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Онлайн курска бул ecampus.itcilo.org шилтеме аркылуу кирсеңиз болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Майрамбек

    30.06.2021 15:25

    Ушул курс боюнча кайдан тактасак болот? Сиздер берген шилтемеде андай курс жок экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM