Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 403 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Чыңгыз Макешов ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ал Өзгөн шаарынын мэрине шайланганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Нодирбек Каримовдун ордуна келди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаңы депутат парламентте ант берген соң,  депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Макешов «Келечек» саясий партиясын негиздеп, 11-июлда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM