Connect with us

Кыргызстанда бардык медкызматкерлер эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 1025 | 0

Бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругуна ылайык, өлкө боюнча бардык медкызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу аталаган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саламаттыкты сактоо уюмдарына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Республикалык иммунопрофилактика борбору менен бирге медициналык жана башка кызматкерлер арасында бир айдын ичинде милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM