Connect with us

Шахра Талипова: Чыгармачылыкта Гүлзат кызымдын атын өчүргүм келбейт

Калың элдин сүйүктүү ырчысы, мезгилдин агымынан калышпай, күжүрмөн эмгегин жалпы элине арнаган Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын солисти Шахра Талипованын чыгармачылыктан тапкан ийгиликтери туурасында  окурмандарыбызга баяндап беребиз.

Чыгармачылыкта Гүлзат кызымдын атын өчүргүм келбейт…

Жайкы эс алууга чыгып, борборго балдарымдыкына келдим. Жакшы эргүү, дем-күч менен жаңы ырларды жаздырып жатам. Кызым Гүлзат каза болгондон кийин бул тармакта тыным болуп калды. Эми ойлосом, чыгып ырдап турбасам, кызымдын аты өчүп калчудай. Жаратканым канча жаш берсе, ошончо иштеп, кыргыз элине ырларымды тартуулагым келет.

Жылкычынын кызы Шахра

Жылкычынын кызы болом. Апам иштеген эмес, үй кожейкеси болуп өмүр кечирген. Балалыгым жайлоодо өттү. Уй, бээ саап, сүт тартып, мал карап, таза абада чоңойгон кызмын. Мал кайтарып жүргөндө тоо жаңырта ырдачубуз. Ал кезде артисттер айыл аралап концерт койчу. Алардын ырдаганын көрүп алып, «И-и, мен дагы ушулардай сулуу болуп, сахнада ырдасам!» — деп аябай кыялданып, кызыкчу элем. Ал кезде 3-класста гана болчумун. Ошо убакта Бурулча Какишова деген ырчы бар эле. Ошол эженин ырдаганы жакчу. А киши жандуу үн менен ушунчалык татаал ырларды ырдачу. Сахнанын артына өтүп алып кийинип жатса, терезеден бутубузга таш коюп алып шыкаалап, суктанчу элек. Мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык болчу эле, кароолорго катышып калдык. 3- класстан баштап ырдап калдым. Төрөкан деген агайыбыз бар эле. Ал кандай ырдоо керектигин мага үйрөтчү. Мураша деген байкебиз жакшы ырдагандарды топтоп алып, пахта терген жерлерге, чөп чапкандарга алып барып ырдатчу.

Ат үстүнөн түшпөгөн Шахра

Апамды көп эстейм… Жалгыз бир тууганым бар эле, ал дагы оорудан каза болуп калган. Илгери биздин үйдөн конок үзүлчү эмес. Апам дайыма эртең менен туруп, «кымыз менен жешет» деп токоч жасачу. Ал кезде кымыз, сүт, каймак сатылчу эмес (күлүп). Саткандарды уят катары кабыл алышчу. Мен апама жардам берем деп, атка отун артып келчүмүн. Чачым узун болчу аябай. Апам бозо салып, жарма даярдап койчу. Кымызды бышарда: «Кызым, эки миңге чейин санап бышсаң, анан ойноп келесиң», — дечү. 4-класста бээ саап, камырды колго сонун жууручумун. А киши мага шырдак шырыганды, кийиз басканды, төшөк кабыганды үйрөттү. Атам болсо эркек баладай кылып чоңойтту. Атка эки чанач кымызды артып, чөпчүлөргө жөнөтчү. Ал кезде адамдарда ыйман деген күчтүү болчу экен. Жолдо келатсам, «Ээ, Талипбайдын кызы келатыптыр, кымыз барбы?» — деп сурашчу. Аттан түшсөм, кайра мине албайм да. Атам эки чаначка түтүкчө сайып, байлап койчу. Ошондон кымыз ичишчү (күлүп). Көрсө, мени турмушка тың болсун дешчү экен.

Көп жигиттердин ашыгы болгон Шахра

Ал кезде Шахранын чачы узун, сулуу болуп, далай жигиттердин ашыгы болгон. Ошол кезде, үй телефону, интернет деген жок болчу. Кагазга сонун кол жазма менен кат жазышып, партанын түбүнө коюп коёр эле (күлүп). Аны эжей-агайлар көрүп коет экен деп коркор элек. Эгерде билип калышса, чогулушка салышчу. Ата-энеңе сөз тийгизбейин деп алыстан карашып, көздөр менен сүйлөшчүбүз. Бир күнү жолдо ойноп баратсам, артымдан эле бирөө акырын бир нерсе менен уруп коет. Анан урушайын деп карасам эле, жакшынакай бала экен, уялып кетип калдым (күлүп).

Бир жолу кышында лыжа тебүүгө чыктык. Тургуналиев Каныбек деген бала менен жарышып, ашып кеттим. «Эмне менден ашып кетесиң?» — деп чалып жыгып, бетимден өөп койду. Мен ыйладым, апасы интернатта ашпозчу болуп иштечү. Чуркап барып, «Балаңыздын тартиби начар экен, мени лыжадан жыгып, бетимден өөп салды», — десем, апасы: «И-и ырас болуптур, келин кылып алам сени», — деп күлүп калды. Үйгө чуркап бардым, баштыктарым мектепте калган. Ал кезде апам: «Балдар менен учурашпа, төрөп коесуң», — деп көп айтчу да. Бир маалда мени көргөн апам: «Ой, эмне болду? Кана баштыгың?» — деп сурап калды. Төкпөй-чачпай айтып берсем, «И-и, садага болоюн, азыр», — деп, бети-башыма айран шыбап, анан киринтип туруп, «Минтип эле жууп койсом кетип калат», — деди. Көрсө, мени ушинтип коркутчу экен да (күлүп).

Ырчы болуу оңой эмес

Ырчы болуу оңой эмес. Ал үчүн төрт тарабы төп келиши керек. Үнүң, келбетиң болушу керек. Биздин убакта талап ушундай болчу. Көркөм кеңеш сахнага чыгарып тандап алчу. Министирлик кийим тиктирип берчү. Азыр андай эмес, көбү жандуу үн менен ырдай алышпайт.Турган турпатын карасаң, буту түз эмес, күлсө тиши кыйшак. Бат эле «жылдыз» болуп алышат. Аны ким такканын да билбейсиң. Мен ушул жашка чейин жандуу үн менен гана ырдап келем.

Ал эми гастролго ушул жылдын кыш мезгилинде чыкканбыз. Бул ирет «аксакал» ырчылар концерт беришти (күлүп). Эл сагынып калыптыр, биз курактуулар абдан көп келишти. Илгерки учурду эске салып, гастроль учурун сонун өткөрдүк.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM