Биз менен байланышыңыз

Турдубекова: Ар бир районго фостердик үй-бүлөнү өнүктүрүү кызматы ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2021 | 611 | 0

Кыргызстандын ар бир районунда фостердик үй-бүлөнү өнүктүрүү кызматтарын ачуу керек. Мындай пикирин «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда эки райондо бул кызмат пилоттук негизде иш алып барып жатат. Алар балдарды асырап алууну каалаган үй-бүлөлөрдү чоң сыноодон өткөрүшөт.

«Бизге бала багып алууну каалаган 100 үй-бүлө арыз берген. Ошонун арасынан 2 гана үй-бүлө тандоодон өттү. Биздин максат — баланы эптеп эле бир үй-бүлөгө берип ийүү эмес, чындап жакшы көрүп, балага камкордук көрсөтөм деген инсанды тандоо. Учурда эки райондун деңгээлинде фостердик үй-бүлөнү тандай турган атайын кызматтар бар. Эми биз аларды ар бир райондо ачууга даярбыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM