Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцинанын 2,9 миллиарддан ашык дозасы колдонулду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 926 | 0

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцинанын 2 млрд 920 миллиондон ашык дозасы колдонулду. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Ourworldindata.org ресурсундагы маалымат боюнча, Кытайда 1 млрд 165 млн 230 миң доза вакцина колдонулуп, алар дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШ – 322 млн 123 миң, Индия – 321 млн 760 миң, Бразилия – 92 млн 920 миң, Улуу Британия – 76 млн 322 миң, Германия – 71 млн 440 миң, Франция – 50 млн 990 миң, Италия – 49 млн 474 миң, Түркия – 47 млн 146 миң, Мексика – 43 млн 369 миң доза колдонгон.

Ал эми колдонулган дозалардын 100 кишиге эсептелиши боюнча алдыда Бириккен Араб Эмираттары турат. Аларда 100 адамга 152,1 доза туура келет. Мальтада – 147,31, Сейшел аралдарында – 140,31 доза, Сан-Маринодо – 130,79, Израилде – 123,56, Бахрейнде – 118,67, Чилиде – 117,4, Исландияда – 113,32, Улуу Британияда – 112,43, Монголияда 112,02 туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM