Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Тажикстан экономикалык блокадага кабылды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2021 | 1364 | 0

Тажикстан учурда эки тараптан (Кыргызстан менен чек арасы жабык, Ооганстан тараптан «Талибандар» негизги бекетти ээлешти, — ред.) экономикалык блокадага кабылды. Мындан улам Орусия өз кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товар өткөрүп турууну көздөйт. Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде айтты.

Белгилүү болгондой, 21-июнда Кыргызстанга Орусия президентинин администрациясынын жетекчи орун басары Дмитрий Козак келген. Аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган. Эксперттер бул жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жабык турганы талкууланган болушу мүмкүн деп болжошууда.

Себеби 22-июнда «Талибан» террордук уюмунун согушкерлери Ооганстан менен Тажикстандын түндүк чек арасындагы ондогон районду басып, ооган-тажик чек арасындагы негизги бекет — «Шерхан Бандарды» ээлеп алышкан. Бул бекет аркылуу Тажикстанга Иран, Пакистан, Түштүк Азиядан чоң импорттук товар келип турган. «Талибдер» ал жерди басып алгандан кийин товар агымы токтоду. Ошондуктан Тажикстан азыр экономикалык блокадага кабылды. Түштүк тарабынан Кыргызстан менен чек арасы да жабылган.

Эксперт Азамат Темиркуловдун айтымында, Бул жерде Орусиянын кызыкчылыгы бар. Алар Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товар өткөрүп турууну көздөйт. Себеби ал жакка товар өтпөй калса, өлкө ичинде көтөрүлүш чыгышы мүмкүн. Тажикстан өзбек тарап менен Өзбекстан аркылуу Орусиядан товар алып турууну сүйлөшкөн. Бирок Орусия буга кызыкдар эмес. Анткени Өзбекстан ЖККУга да, ЕАЭБге да мүчө эмес. Ошондой эле Борбор Азияга лидер болуу үмүтү да бар. Тажикстан Өзбекстанга көз каранды болсо, Өзбекстандын ролу ого бетер күчөйт.

Саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов жагдайды мындай түшүндүрдү:

— Ошол үчүн Орусияга Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товарларды өткөрүү ыңгайлуу. Себеби Кыргызстан Борбор Азияда лидер болуу дымагы да жок. Дмитрий Козак президент Жапаров менен ушул жөнүндө сүйлөшүп кеткен деп ойлойм.

Мен айтып жаткан гипотезаны далилдеп турган нерсе — Козактын келип кетиши менен эле Садыр Жапаровдун Тажикстанда Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү жүргүзөрү ачыкталды.

Азыр Тажикстан ар тараптан кыйын абалда турат. Ооганстан менен чектешкен түндүк тарабынан чек арасын «Талибан» кыймылынын жоочулары басып алды. Кыргызстан менен чек арасы жабык турат. Биздин президент ушул жагдайды өзүбүздүн улуттук кызыкчылык үчүн пайдаланышы керек. Себеби биздин өлкө Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан жабыркады. Алар биздин тынч турган элге кол салды. Биздин тургундардын үйлөрү талкаланды. Мындайда Тажикстандын президенти тескерисинче, бизге келиши керек эле. «Кечирим сурайбыз, чек араны ачыңыз, тигил жакта акыбал ушундай болуп жатат», — деши керек эле.

«Талибдер» менен болгон согуш Тажикстандын чек арасындагы эле абалды эмес, өлкөнү ичинен да алсыратат. Себеби ошол террордук күчтөрдүн тарапташтары Тажикстандын ичинде да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM