Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын тышкы иштер министри АКШга бир жумалык иш сапары менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 649 | 0

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов АКШга бир жумалык иш сапары менен барат. Бул тууралуу podrobno.uz агенттиги жазды.

Абдулазиз Камилов жетектеген өзбекстандык делегация АКШда 27-июндан 4-июлга чейин болот.

«Сапардын алкагында АКШнын министрлик жана мекемелеринде бир катар жолугушуу жана сүйлөшүүлөр каралган», — деп айтылат маалыматта.

Быйылкы жылдын беш айында Өзбекстан менен АКШнын соода жүгүртүүсү 134 млн доллардан ашкан. Ал 2019-жылга (295,1 млн доллар) караганда эки эсе азайып кеткен.

Ошол эле учурда Өзбекстандын экспорту 11,1 млн доллардан 19,9 млн долларга чейин өскөн. Ал эми америкалык товардын импорту 284 миллиондон 114,5 млн долларга чейин азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM