Биз менен байланышыңыз

УКМК: Опузалап пара талап кылган улук тергөөчү кармалды

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 843 | 0

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

24-июнда УКМК жана Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан опузалап пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБнин улук тергөөчүсү «Ы.Н.Э» кармалган.

Улук тергөөчү жергиликтүү жаран «А.Ш.Ш.» аттуу адамга  карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM