Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 510 | 0

Коронавирустун «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун илимий кызматкери Сумия Сваминатан Twitterˈге жазган.

Ал алгач Индияда табылган «дельта» штаммы учурда 85тен ашык өлкөгө жайылганын билдирген. Сваминатандын айтымында, «дельта» штаммына чалдыккан адам экиден сегизге чейинки кишиге оору жугуза алат.

«Бактыга жараша дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү таасирдүү болууда, жок дегенде оорунун оор өтүшүнүн алдын алат», — деген ал.

Ал эмделүү маанилүү экенин белгилеп, ошол эле учурда коронавирусту жугузуп албоо үчүн беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоо керектигин эскерткен.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча коронавирустун «дельта» штаммы былтыр октябрь айында Индиянын Нагпур шаарында табылган. Ал башка штаммдардай эле чыккан жеринин атын алып, индиялык деп аталып келген. Кийин аталган уюм коронавирустун штаммдарын грек тамгалары менен атоону чечкен.

ДССУ COVID-19дун жаңы штаммдарын грек тамгалары менен атоону чечти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM