Биз менен байланышыңыз

ДССУ COVID-19дун жаңы штаммдарын грек тамгалары менен атоону чечти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 543 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы штаммдарын грек тамгалары менен атоону чечти. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

COVID-19дун жаңы түрлөрүн грек тамгалары менен атоо ал штаммдар алгач чыккан мамлекеттерге сөз тийгизбөө үчүн жасалууда.

Маселен, эми коронавирустун «британиялык» B.1.1.7 штаммы «альфа», Түштүк Африка Республикасында табылган B.1.351 штаммы «бета», «бразилиялык» P.1 – «гамма» деп атала баштайт. Ал эми «индиялык» штаммдын эки түрү – B.1.617.2 жана B.1.617.1 – «дельта» жана «каппа» деп аталат.

«Алар илимий аталыштарды алмаштырбайт. Бирок эл арасында сүйлөшүү учурунда колдонулат», – деди уюмдун дарыгер-эпидемиологу Мария ван Керкхов.

Грек алфавитинде 24 тамга бар. Учурда байкоо жүргүзүлүп жаткан COVID-19дун башка түрлөрүнө «эпсилон», «дзета», «эта», «тета» жана «йота» деген аталыштар берилген.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавируска SARS-CoV-2, ал алып келген ооруга COVID-19 деген аталыш берген. Ал жаңы вирусту «кытайлык» деп атоодон улам бир улуттун жана өлкөнүн дискриминацияланышына жол берилбеши үчүн жасалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM