Биз менен байланышыңыз

Адамдын энергиясын соруп алган 7 адат

Блог | 22 Июн 2021 | 15996 | 1

Эгер сиздин ден соолугуңузда олуттуу көйгөй жок болуп, бирок дайыма чарчаңкы жүрсөңүз, анда күнүңүздүн кандай өткөнүнө маани беришиңиз зарыл. Төмөндөгү жети адаттын бири сиздин энергияңызды соруп алып жаткан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын Sabah басылмасы макала жарыялады. 

Күндүзгү чарчоо аз уйкунун же өнөкөт оорулардын таасири болушу мүмкүн. Бирок мындан сырткары адамдын күнүмдүк жашоодогу айрым адаттары да чарчоого, энергиянын азаюусуна алып келет.

1. Дайым жаңылыктардан кабардар болуу. Стресс энергияны соолутуучу булак экени баарыбызга маалым. Изилдөөлөргө ылайык, жаңылыктарга дайыма көз салып, жаңылыктарды кууп окуган адамдарда күндүзгү чарчоо көп байкалат. Тагыраагы, алардын энергиясынын бир бөлүгү күндемдеги маалыматтар үчүн коротулуп кетет.

2. Офисте тамактануу. Эгер сиз иштеген жериңизде түшкү тамак жесеңиз, анда бул туура эмес. Түштөнүү убагында жок дегенде 20 мүнөткө сыртка чыгып, сырттан тамактанууга аракет кылыңыз. Окумуштуулар: «20 мүнөттүк сыртка чыгып түштөнүү адамга айрым физикалык көнүгүүлөргө салыштырмалуу көбүрөөк энергия берет», — дешет.

3. Туура эмес отуруу. Тулку-бойду түз кармап отуруу бир гана моюн жана белге эмес, адамдын мээси үчүн да маанилүү. Бүкүрөйүп отуруу адамда пессимисттик жана негативдүү эмоцияларды пайда кылат. Ошондой эле бүкүрөйүп отуруу жаман ойлорго жетелей турганын айтышат адистер.

4. Жеңил чыгармаларды окуу. Сиздин күн бою энергиялуу жүрүшүңүзгө китеп окуу стилиңиз же окуган китептериңиздин да таасири болорун билчү белеңиз? Изилдөөлөргө ылайык, классикалык көркөм адабиятты окуган адамдардын мээсинин иштөөсү жеңил-желпи, мааниси терең эмес китептерди окугандарга караганда активдүү болот.

5. Чачылган үй, буюмдар. Чачылган үй же иштеген жериңиздеги башаламандык да сиздин энергияңызды соруп алат.

6. Магнийдин жетишпестиги. Курамында магний көп азыктарды колдонуу сизге кошумча энергия берет. Организмде магний жетишсиздиги болгон учурда да адам өзүн чарчаңкы жүрөт, мээнин иштеши жайлайт. Магний бананда, ашкабактын данегинде, тунца балыгында, төө бурчактын курамында көп болот.

7. Углеводдор. Көпчүлүк диета кармаганда же туура тамактануу режиминде углевод аз болгон азыктарга басым жасашат. Бирок бул организмдин энергия алуусу жагынан караганда туура эмес кадам болуп саналат. Адамдын денеси жана мээси углеводду «күйүүчү май» катары колдонот. Углеводдорду аз колдонгондо адамдын физикалык көнүгүүлөргө мотивациясы азаят. Ал эми туура жана пайдалуу углеводдор менен азыктангандар физикалык жактан активдүү болушат.

Сүйүү –  энергиянын булагы

Изилдөөлөргө ылайык, сүйүктүү адамыңызды ойлоо менен сиз өзүңүзгө энергия топтоп, маанайыңызды көтөрө аласыз. Анткени адамдын организминде бул учурда химиялык реакция жүрүп, кортизолдун деңгээли көтөрүлөт. Бул адамга кошумча энергия берет. Сүйүүгө кабылган адамдын организминде стресске каршы реакция жүрүп, тынчсыздануу, түпөйүл тартуу сыяктуу эмоцияларды басаңдатат.

Келечеги кең, эң керектүү 12 кесип

1 пикир

1 пикир

  1. Мамытбек

    23.06.2021 09:33

    Энергияны жок кылган башка факторлор көп . Стресс, жаман күмөн

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM