Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 млн доллар алат

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 352 | 0

Бүгүн, 21-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы – 2 чакан программасы боюнча) кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдиргендей, келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 80 млн доллар каражат бөлөт. Анын 69,3 млн доллары жеңилдетилген насыя, ал эми 10,7 млн доллары грант катары берилет. Насыя 24 жылга 1% үстөк менен алынат.

Байгончоковдун айтымында, ал каражат Кепилдик фондуна түшүп, андан кийин чакан жана орто бизнеске насыя катары берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM