Биз менен байланышыңыз

Жапаров аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 272 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин Мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.

Жапаров ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга аларын белгиледи.

«Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM