Биз менен байланышыңыз

22-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 262 | 0

22-июнда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз + 25 … +30;

Талас облусунда түнкүсүн + 9 … +14, күндүз +24 … +29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 14 … +19, күндүз +31 … +36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +20 … +25

Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14… +16, күндүз +28… +30 градус ысык болот.

Алдыдагы жумада туруксуз аба ырайы болушу күтүлүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM