Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 312 | 0

Республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

«Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап жатканына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону өтүнөбүз», — деп билдирет штаб.

Эскерте кетсек, бүгүн, 21-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 585 адамдан табылды. 360 бейтап коронавирустан айыгып чыгып, 6 киши каза болду.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 115 миң 615 учур катталды. Анын ичинен 105 миң 410 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 937 бейтап каза болду.

«Күндүзгү стационарлар даяр, азырынча ачууга кажет жок»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM