Connect with us

«Күндүзгү стационарлар даяр, азырынча ачууга кажет жок»

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 720 | 0

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар ачылды, бирок бейтаптарды кабыл алып баштай элек.  Бул тууралуу «Маралга» Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо. Буга байланыштуу күндүзгү стационарлар толугу менен жабдылып даяр бойдон турат. Ал эми шаардык ооруканаларда орун жетиштүү болгондуктан, азырынча стационарларды ачууга кажет жок.

«Ооруканаларда 200дөн ашуун бош орундар бар. Ал жерде азырынча бетаптарды кабыл алууга, дарылоого мүмкүнчүлүк бар жана дарыргерлер дагы жетиштүү. Күндүзгү стационарларды даярдап койдук. Кырдаал кокустан дагы да начарлап кетсе, стационарларды ачып бейтаптарды кабыл ала баштайбыз», — деп билдиришти мэриядан.

Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:

  • Биринчи май району: Патриса Лумумба көчөсү 10, – №83 мектеп;
  • Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;
  • Свердлов району: «Дордой» конушундагы №94 мектеп;
  • Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.

Copyright © 2017 Maral FM