Биз менен байланышыңыз

«Кыргызфильм»: Оюн жана даректүү тасмаларга киносценарийлер кабыл алынат

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 281 | 0

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 2022-жылга карата оюн жана даректүү тасмаларга киносценарий жана сценардык билдирмелерди кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кабыл алуу 2021-жылдын 30-сентябрында аяктайт.

Киносценардык билдирмеде төмөнкүлөр камтылат:

-жанр;

-хронометраж;

-логлайн;

-синопсис;

-автордун аты-жөнү жана байланыш үчүн телефон номери/электрондук почта.

Сценарийлер Кыргызстандын конституциялык мыйзамдарына каршы келбеши керек.

Сценардык билдирмелер жана сценарийлер Д. Асанов көчөсү 1 («Кыргызфильм» киностудиясы, 2-кабат, баш редактордун кеңсеси) дареги боюнча кабыл алынат. Ошондой эле электрондук почта аркылуу kyrgyzfilm.redakciya@gmail.com дарегине жөнөтсө болот.

Суроолор боюнча kyrgyzfilm.redakciya@gmail.com дареги боюнча кайрылыңыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM