Биз менен байланышыңыз

Кышында үйлөрдү электр жабдуулары менен жылытууга тыюу салынабы?

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 1086 | 0

Кыргызстандыктарга алдыдагы күз-кыш мезгилинде үйлөрдү жылытуучу электр жабдууларын колдонууга тыюу салынары тууралуу билдирүүлөр келип жатат.

Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары кабарлашты.

Квитанциялар «Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларына таандык.

«Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетип, электр энергиясы жетишсиз болууда. Мындан улам жылуулук берүүчү электр жабдууларын колдонууга тыюу салынарын кабарлайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эреже бузгандарга электр энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгү азайтылып, өзүнчө лимит белгиленет.

Жарандарга жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү булактарын алдын ала ойлонуп чыгуу сунушталууда.

«Түндүк электр» ишканасы толук маалымат бүгүн берилерин кабарлаган.

Бүгүн, 21 июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 910 млн куб метрди түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 471 м3, чыгышы 421 м3.

Copyright © 2017 Maral FM