Биз менен байланышыңыз

«Элим, барсыңбы?!» жайкы лагери: Максатыбыз жети облустун балдарын достоштуруу (видео)

Коом | 21 Июн 2021 | 1742 | 0

«Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду Кыргызстандын жети облусунан келген 150 баланы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы «Hollywood Camp» жайкы лагеринде эс алдырууда. Быйыл өзгөчө басым Баткен облусуна жасалып, анын ар кайсы айылынан 80дей бала келген. Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген балдардын жайкы лагери Германияда иштеген кыргызстандыктар тарабынан каржыланды.

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду 17-июнда Баткен облусунун ар кайсы айылынан келген 80 баланы жана калган 6 облустун ар биринен 11ден, жалпы 150 баланы ИИМдин кайгуул кызматынын коштоосунда Ысык-Көлдөгү «Hollywood Camp» жайкы лагерине эс алууга жөнөткөн. Жыл сайын аталган фонд тарабынан уюштурулуучу лагерге ата-энесинен ажыраган жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары келип эс алышат. Бул жылы Баткен облусунун балдарына өзгөчө басым жасалганын айткан фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков лагерди уюштуруунун негизги максатына токтолду:

«Бул жакка балдарды жөн эле эс алдырып кетүү максат эмес. Балдар үйүнүн психологдору менен атайын сүйлөшөбүз, алар менен чогуу иш алып барабыз. Биринчи күнү алар балдар менен сүйлөшүп, таанышып, эмнеден жабыркаганын аныктайт. Андан кийин жашына жана жашоодон алган жаракатына жараша иш алып барышат. Андан сырткары кол өнөрчүлүккө, китеп окууга багытталган, маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле таланттуу балдарды Жеңиш Майрамбек уулу деген актёрубуз командасы менен актёрдук чеберчиликке, бийге үйрөтөт. Беш күн бою ушундай иш алып барабыз. Бул сапар бизди көбүнчөсү Германиядагы кыргызстандык мекендештер колдоп берди. Калгандарын жеке компаниялар колдоп берди, бирөө 50 миң, бирөө 5 миң, бирөө миң сом, ушинтип-ушинтип топтолду. «Hollywood Camp» жайкы лагеринин жетекчилери арзандатуу кылып берип, ушинтип кайрымдуулуктун негизинде уюштурулуп жатат». 

Айдар Кубанычбеков кошумчалагандай, жайкы лагердин негизги максаты: балдарга жаштайынан туура багыт берүү менен жети облустан келген балдарды аралаштырып, ынтымагын бекемдөө жана достоштуруу.

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду 2015-жылдан бери балдарды Ысык-Көлгө эс алдырып келет. Жайкы эс алуу лагери балдарды эс алдыргандан башка да, алардын талантынын ачылышына жана белгилүүлөр менен таанышып, келечекте талантын өркүндөтүп багыт алуусуна себепкер болуп жатканын фонддун координатору Өткүрбек Абдуллаев белгиледи.

«Кечээ кечинде балдар ырдап, өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүп, ачыла башташты. Жыл сайын лагердин акыркы күнүндө концерт болот, ошого даярдыктарды көрүп жатышат. Келген балдардын ичинен бирөө аккордеон чертет экен, ага аккордеон таба калып, ырдап-бийлегендер болду. Ушул жерден айтайын дегеним: «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду бул долбоорун 2015-жылы баштаган болсо, ошондо келген балдардын экөө азыр режиссёр Сүйүн Откеев тарткан «Жетикс» тасмасында негизги каарман болушту. Алар биринчи жолу медиа жылдыздар менен ушул лагерден таанышкан. Өнүгүп отуруп алардын биринчи кадамын таштаганга себепчи болуп, азыр актёр болуп калды десек жаңылышпайбыз». 

Балдарга жаш кезинен баштап инвестиция кылуу өтө маанилүү экенин, анын үзүрүн 15-20 жылда көрүүгө мүмкүн болорун Көркөм сүрөт академиясынын мугалими, Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Замир Илипов айтат.

«Биз азыр балдардын келечегине салым кошуп жатабыз. Ошондуктан азыр эч кандай күмөн санабаш керек. Бул жасалып жаткан иштер балдардын жан дүйнөсүндө кичинекей үрөн сыяктуу болуп калат. Бул бир учурда сөзсүз түрдө өнүп чыгат. Бала балким сүрөт жагына, балким актёрдук чеберчиликке, балким уюштуруучулук жагына барат. Мындай иш-чаралар жан дүйнөнүн эшиктерин ачып берип коёт. Ошондуктан мен сунуш түшкөндө абдан ыраазы болуп, дароо кабыл алдым. Анткени аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө ошол эле боёкторду, пластилиндин түрлөрүн, азыр заманбап чыгып кеткен нерселерди каалаганындай кылып жасатканга шарттары толук эмес. Мен ойлойм, бул жерге келгенден кийин ушундай нерселерди жасаса да боло турганына ишенип, «жакшы нерселер болот экен» деген жакшы ой-тилектер калыптанып калса, анда чоң жеңиш болот».

Иш-чаранын негизги максаттарынын бири кайрымдуулук маданиятын жайылтуу болуп саналат. Кайрымдуулукту бир гана акча түрүндө эмес, ар бир адам өзүнүн аркалап келген кызматы жана таланты менен да кыла алат деп эсептешет Көркөм сүрөт академиясынын студенттери Улукбек Маданбеков жана Примбек Мырзапаров.

Алар балдарга ташка сүрөт тартканды, чоподон идиш жасаганды үйрөтүү максатында атайын Бишкек шаарынан барышкан.

«Чоподон биринчи жолу идиш жасаганда балдардын мээсине жаңылык кирет, экинчиден, нервдерине пайдалуу, ойлору бир жерге жыйналат, дүйнө таанымы өсүп маалымат алат. Азыр биринчи жолу жасап жатышкандыктан, оңой болгон пиалаларды жасап жатабыз. Негизи, мен биринчи жолу 9-классты бүткөндөн кийин жасап көргөм, азыр булар 3-классында жасап көрүп жатышат. Кийин булар ушундай өнөр бар экенин билет, кызыккандар болсо ушул кесипти тандап кетишет. Башкача айтканда, жерге урук чачабыз го, ошол сыяктуу азыр булардын мээлерине керамика деген урук себилип жатат. Кийин өзүнүн убакыт-сааты келгенде ачып чыгат. Чопо менен иштеп жатканда башка нерселер бүт эстен чыгып, кадимкидей эс алдырат».

Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 150 бала Ысык-Көлгө биринчи жолу келип жатышат. Аларды Баткен облусунан баштап милициянын кайгуул кызматы, андан тышкары ар бир 11 балага бирден тарбиячы жана бирден медайым коштоп келген. Ошондой эле жол менен кайрадан үйлөрүнө жеткирилмекчи. Балдарын коопсуздугу эске алынып, куткаруучулар жана дарыгерлер чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM