Connect with us

Коронавируска чалдыкпоонун жолун эпидемиолог айтып берди

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 668 | 0

Эгерде адамдын организминде S-белогуна же анын көпчүлүгүнө антителолор бар болсо, анда коронавирустук инфекцияны жуктуруп албоого кепилдик бар. Бул тууралуу Гамалея эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург «РИА Новости» басылмасына интервью берип жатып айтты.

«Эгерде мындай антителолордун көлөмү жетиштүү деңгээлде болсо, анда адамга коронавирустун Ухан штаммы да же азыркы учурда ар кандай географиялык  «Британиядан Индияга» чейин  аталыштагы штаммдар менен оорубоого кепилдик берилет»,  — деди Гинцбург.

Азыркы тапта Орусияда, ошондой эле дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттерде коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын август айында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Гамалеянын электрохимия илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирусту алдын алуу боюнча дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Ал «Sputnik V» деп аталып калган. Ошондой эле Орусияда COVID-19га каршы башка вакцина «EpiVacCorona» катталган болчу. Ал Роспотребнадзордун «Вектор» жана «КовиВактын» борборунан Орусиянын Илимдер академиясынын Чумаков борбору тарабынан иштелип чыккан. Май айынын башында «Sputnik Light» ата мекендик төртүнчү вакцинанын катталганы белгилүү болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM