Биз менен байланышыңыз

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун модернизациялоо 2022-жылы бүтөт

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 405 | 0

Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун модернизациялоо иштери толугу менен 2022-жылы аягына чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 18-июнда Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда айтылды.

Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.

Садыр Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин  жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгултүксүз жүргүзүүнү тапшырган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM