Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун модернизациялоо иштери толугу менен 2022-жылы аягына чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 18-июнда Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда айтылды.
Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.
Садыр Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгултүксүз жүргүзүүнү тапшырган.