Биз менен байланышыңыз

Шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 670 | 0

Бүгүн, 20-июнда кайрадан шайлоо дайындалган үч шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды.

Бишкек шаардык кеңешине 17 партия талапкер көрсөткөн.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, бүгүн 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Ал эми шайлоо 11-июлга белгиленген.

Бишкек шаарындагы шайлоого төмөнкү партиялар катышат:

  1.  «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2.  «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
  4.  «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
  5.  «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
  6.  «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
  7.  «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8.  «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
  9.  «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10.  «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11.  «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12.  «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13.  «Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14.  «Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
  15.  «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М. К. Орозбаев;
  16.  «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
  17.  «Столица» демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков.

Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен  7% босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM