Биз менен байланышыңыз

Нарын: Көкөмерен дарыясынын жээгинен эркек кишинин сөөгү табылды

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 596 | 0

Көкөмерен дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

18-июнда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын тушунда Көкөмерен дарыясынын жээгинде адам өлүп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жерине Жумгал райондук №43 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу барып, эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда сууга агып каза болгон адамдын өздүгү такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM