Көкөмерен дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
18-июнда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын тушунда Көкөмерен дарыясынын жээгинде адам өлүп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жерине Жумгал райондук №43 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу барып, эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда сууга агып каза болгон адамдын өздүгү такталууда.