Connect with us

Сол колу менен комуз чертип, беш кылдуу комуз чапкан «Өмүр» тобу

Көңүл ачуу , Маек , Марал шоу | 21 Июн 2021 | 10687 | 0

Комузду оң колу менен да, сол кол менен да чертип, ал тургай дүйнөлүк кайрыктарды да комузга салып, төрт кылдуу, беш кылдуу комузду жаратып, аларга жаңы өмүр тартуулаган легендарлуу «Өмүр» тобу «Марал» радиосунда кызыктуу маек курушту.

— «Өмүр» тобу өз кезинде дүңгүрөп чыкты эле. Жылдардын өтүшү менен телерадио тармактарынан алыстап кеттиниздер, көп көрбөй калдык. Себеби эмнеде?

Камчыбек: — Биз Бишкекте элебиз, башка жакка кетип калган жокпуз (күлүп). Азыр деген бат-баттан чыгуу үчүн клип тартып туруш керек экен. Учурда комузчу да, клип тарткандар да көп. Биз жандуу ойногонго көнүп алыптырбыз, ошондуктан клип тарткыбыз келген жок. Бирок комуз менен чет жактарга байма-бай чыгып турабыз. Алдыда дагы чоң пландар бар, буюрса чекесинен орундалып келатат.

Рысбек: — Убагында чыгармачылыктын казанында жакшы эле кайнадык. Ачыгын айтканда, чыгармачылыктан да көр оокат кээде өйдө туруп кетет экен. Мамлекет «өнөрүң менен өс» деп, башынан бери шарт түзүп берип турса, комуз чертип эле отура бермекпиз, башка ишти таштап. Бирок андай болбойт тура. Ошентсе да аракеттенип келатабыз, чыгармачылыкты таптакыр таштап, тарап кетчүлөрдөн эмеспиз. Бир тууганбыз дегендей, балдарыбыз да ушул жол менен келе жатышат.

— Рысбек ага, чыгармачылыкты кийинки муунга өткөрүүдө, комуз үйрөтүүдө сап башында турасыз. Бул тармакта дагы да кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?

Рысбек: — Комузду мен мектепте окуп жүргөн кезимде эле ийрим ачып үйрөтчүмүн. Андан бери музыкалык мектептерде, маданият бөлүмдөрүндө иштедим. Учурда да Бишкекте кырк-элүүдөй шакирт тарбиялап жатам. Негизи, Кудай берген өнөрдү үйрөтүп, сөзсүз түрдө кийинки муунга калтыруу керек. «Устаттан шакирт өтүптүр» деген сөз бекеринен эмес. Ошол шакиртиң эл тарабынан жылуу кабыл алынып, өсүп турса, бул сенин кыйын устат экениңдин белгиси деп билем.  Колдон келишинче үйрөтүп атабыз.

— Шакирттериңизге бир гана үч кылдуу комузду гана эмес төрт кылдуу, беш кылдуу комузду дагы үйрөтүп жаткан учуруңуз. Айтсаңыз, төрт кылдуу, беш кылдуу комуздун үч кылдуу комуздан өзгөчөлүгү эмнеде? Өзүнүн да түмөн түйшүгү болсо керек…

Рысбек: — 2000-жылдын баштарында «Өмүр» тобу деп чыгып жүргөн жылдары кыргыз күүлөрүн гана чертүү керек деген түшүнүк бар эле. Кийинчерээк Виллалобос аттуу композитордун «Куба бийи» деген алты кылдуу гитарада ойнолгон чыгармасын комузга салдым. Жаз жанрындагы чыгармалардан Пол Дезмонддун «Бешти бер» (Take Five), Скотт Жоплиндин  регтайм жанрындагы чыгармасын комузга салып, анан изденип жүрүп Поль Морианын «Токката» чыгармасын салайын десем эле бир кыл жетпей калды (күлүп). Өзүм болсо комуз чапканыма көп жыл болду. Ошондуктан өзүм каалагандай чаап, биринчи төрт кылдуу комузду жасадым. Жасагандан кийин мүмкүнчүлүктөрүн байкап, кандай күү чыгарын анализдеп, артыкчылыктарын, кемчиликтерин карап, иштеп келе жатам. Бул комузга бери дегенде эле жыйырма жылдай болуп калды. Аркасынан бешинчи кылды тагып, анын да мүмкүнчүлүктөрүн байкоодомун. «Бул комуздарды мен эле чертишим керек» деген ойдон алысмын жана бул оңой-олтоң иштерден эмес. Ошол үчүн элге чыгарып, келечектеги шакирттерге үйрөтсөк деген ойдомун.

— А шакирттериңиздин кабыл алуусу кандай болуп жатат?

Рысбек: — Азыр кызыккандар абдан көп. Бул жаңы иш да. Үч кылдуу комузубузга үч миң жыл толуп жатса, менин комуздарыма али отуз жыл боло элек. Жаңы башталып келатат, кызыккандар көп. Четинен үйрөнүп жатышат. Буюрса, комуз деп жанын берген таланттуу улан-кыздарга төрт, беш кылдуу комузду үйрөтүп, андан кийин алты кылдуусун да үйрөтөм деп турам.

— Төрт кылдуу комуз менен беш кылдуу комуздун канчалык айырмачылыгы бар?

Рысбек: — Ар бир кылды туура нотасына бурап черткенде үндөрдүн куюлушуусу ошончолук бай болуп жатат. Бирок эл ойлоп калышы мүмкүн: «Бул эмне гитара кылып атат комузду?» — депчи. Жок, комуз эч качан гитара болбойт, гитаранын өзүнүн темирден жасалган түрлүү кылдары, буроосу, тембри бар. Биздики бөлөкчө. Биз черткенде кадимки комуздун күүсүндөй кылып эле жакшынакай чертип беребиз. Тилегибиз: «кыргыздын комузу үч эле тургай, төрт кылдуу да, беш кылдуу да болот» деген деңгээлге жетүү.

— Улуу инсан Нурак Абдрахманов атабыздын сиздердин чыгармачылыгыңыздарга кандайдыр бир таасири тийдиби?

Камчыбек: — Албетте, Нурак Абдрахманов кудабыз Токтогулдун «Карылык» деген ырын ырдаганда чеберчилик, аткаруучулук жагы абдан жаккан. Кийин мен Шерик Рысалиев замандашымдын чыгармачылык концертинде ошол ырды аткардым. Ошондо замандашым: «Сенин комуз черткениң, кудаңдын комузда кол ойнотконуна, ар бир кыймыл-аракетине чейин абдан окшош тура», — деп айтып жатпайбы. Комузчу болгондон кийин, албетте, ар бир комузчуну карайсың да. Кантип ойноп, кандай кылып чертип жатат, бизге баары кызык.

— Эски күүлөргө кайрылып, бүгүнкү күндө алардын кайсыларын жаныртып күүгө салып жаткан учуруңуздар?

Камчыбек: — Чындыгында эски күүлөрдү жаңыртып, аларды түп нускасынан өзгөртүп жиберүү туура эмес. Тилекке каршы, бизде мындайлар бар. Автордук чыгарма ошол бойдон калышы керек деп ойлойм. Бирок ошентсе да өзгөрүү баары бир болот экен. Баарын убакыт көрсөтөт. Мисалы, мурдагы ырлар менен азыркы ырларды салыштырып, угуп отуруп таң калам. Такыр башкача, сөздөрү маанисиз.

— Учурда комузчуларыбыз комуздун күүлөрүн заманбап стилге салып атат, бирок айрым учурларда комуздун күүсү бар экенин аңдоо да кыйынга турат. Эгер ушундай болуп улана берсе, комуз күүсү кандай өзгөрүүгө дуушар болот?

Рысбек: — Негизинен бөлөк элдердин белгилүү чыгармаларын комузга салып баштаган баштоочулары биз болчубуз. Аыркы жаштардын чыгарып жатканы да эмгек, изденип жатышат. Бул ар бир кишинин колунан келе бербейт, ал үчүн эмгектенүү керек. «Элүү жылда эл жаңы» дегендей, бул нерсенин жакшы жагын да айтышыбыз керек. Ошолорду көрүп биздин кийинки келе жаткан жаш муундар комузга кызыгышат деп ойлойм. Музыкалык мектепке, комуз үйрөнгөнү барганда дароо эле популярдуу чыгармаларды үйрөнбөйт да. Адегенде, «Кербезим» сыяктуу күүлөрүн чертип келип, таланттуусу анан өз алдынча изденип баштайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM