Биз менен байланышыңыз

Баш-аягы такталбаган «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамы

Коом , Кыска кабар , Саясат | 18 Июн 2021 | 4896 | 0

Буга чейин вето коюлган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун кайрадан Жогорку Кеңеште каралып, үч окууда тең колдоо тапканы унутулуп бараткан талкууга экинчи ирет «жем таштады». Бүгүн бул мыйзамды кабыл алуу туура эместигин айтып, анын кесепеттерин талкуулоо үчүн медиаэксперттер, журналисттер, коомдук уюмдардын мүчөлөрү тегерек стол өткөрдү.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков вето коюп, артка кайтарган. Андан кийин Жээнбеков июль айында Жогорку Кеңешке мыйзамды кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасын берип, атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Бул мыйзамдын демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева жасалма аккаунттар жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин, аны тескөө аркылуу маалыматтык талааны тазалоону көздөп жатышканын билдирүүдө.

Бир жыл өткөндөн кийин бул мыйзам кайра демилгеленип, Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда колдоо тапты.

«Медиа Полиси» институтунун юристи Нурбек Сыдыков бүгүн тегерек столдо «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамын кабыл алууда кандай тобокелдиктер жана мыйзам бузуулар болуп жатканын талкуулап, эмне үчүн бул документ кабыл алынбашы керектигин түшүндүрдү.

— Биринчиден, каржылоо булактары аныктала элек, бул Конституциянын талаптарын бузуу болуп саналат. Ошондой эле мыйзам долбоору эл аралык стандарттарды бузат. «Бир билдирүү жөнөтүү үчүн сайттын, баракчанын ар бир ээси өзүнүн жеке маалыматын көрсөтүшү керек» деген биринчи эле талап туура эмес. Интернеттеги купуялуулук укугу идентификация аркылуу жүзөгө ашырылбайт. Аны аныктоо мүмкүн эместигин бүт дүйнө белгилейт. Биз муну мыйзам деңгээлинде жөнгө салгыбыз келет. Биз иштебей турган ченемди юридикалык жактан формалдаштырып жатабыз. Акылга сыйбаган мыйзам», — деди юрист.

«Медиа Полиси» институтунун башчысы Бегайым Усенова сөз эркиндигине түздөн-түз коркунуч келтирген дагы бир маанилүү жагдай бар экенин эске салды. Президенттин каршы пикирин жоюу боюнча макулдашуу тобунун курамына депутаттар жана УКМК кызматкерлери киргенин айтып, эксперттердин, ЖМК өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун жоктугу коркунуч жаратарын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө толгон-токой көйгөй бар. Коронавирус күн сайын күч алууда, карантиндик чектөөлөр киргизилди, кымбатчылык элдин биринчи маселеси болуп турат. Ушул элдин, жарандардын проблемаларын чечкенге жардам бергендин ордуна депутаттар журналисттердин, активисттердин жана блогерлердин укуктарын чектөө менен алек болуп отурушат. Биздин кызыкчылыгыбыз эске алынган эмес. Эмнегедир биз менен талкуулап, биз менен бир ооз акылдашылган да эмес», — деди Усенова.

Чырлуу мыйзам долбоордун аткарылышы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Бирок аталган министрлик бул мыйзам долбооруна каршы. Министрдин орун басары Ильязбек Балташев сунушталган демилгени ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты. Себеби мамлекеттик органдарда интернеттеги жасалма маалыматтарды аныктоочу атайын шаймандар жана кызматкерлер жок.

«Маалыматтын жалгандыгын талдоо үчүн ар кандай тармактагы адистердин чоң курамын кошумча тартуу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруучу материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Ошондой эле аларды тартуу үчүн кошумча каражат каралган эмес. Мындай жагдайды эске алуу менен жогорудагы мыйзамдын кабыл алынуусу мүмкүн эмес экендигин билдиребиз», — деди Балташев.

«Тандем» юристтер ассоциациясынын координатору Таттыбүбү Эргешбаева азыркы парламент легитимсиз экенин баса белгилеп, алар шалаакылык кылганы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жооп бериши керектигин маалымдады. Эргешбаеванын айтымында, мыйзам аккредитацияланган медиа, чынчыл блогерлер менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок фейктер менен күрөшө албайт. Себеби эл аралык социалдык тармактар ​​өлкөгө таандык эмес.

«Бул — өтө туура эмес долбоор. Бүгүнкү күндө эң алгачкы капитал – бул: адамдык капитал. Башка бизде капитал жок. Ошонун алкагында биз бизнес, жарандык коом жана массмедиага тиешелүү мыйзамдарга тийбешибиз керек. Аларга иштөө үчүн ачык саясатты жана мүмкүчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Же биз Тажикстан менен Түркмөнстандын жолун жолдойбуз, алардыкындай баарынын ооздорун жапканда, эң артта калган мамлекетке айланабыз, же сөз эркиндиги жолуна түшөбүз. Биз демократиялык баалуулуктардын жолуна түшүшүбүз керек. Эгерде мамлекет чындыгында фейктер менен күрөшүүнү кааласа, анда биз эл аралык корпорациялар менен келишим түзүшүбүз керек», — деди Эргешбаева.

Жыйынтыгында, медиа эксперттер, юристтер жана журналисттер мыйзам кооптуу экенин, анткени анда жасалма, так эмес же кооптуу маалыматтын өзгөчөлүктөрү жана түшүндүрмөлөрү камтылбаганын, басмырлоо мүнөзүнө ээ болуп калганын бир нече жолу билдиришти.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, укук коргоо органдары кантип тескей турганы, мыйзамды ишке ашыра турган органдар так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда жалган маалымат тараткан фейктерге кандай жоопкерчилик боло турганы жазылган эмес. Ал мыйзамдын каржы булагы да так көрсөтүлбөгөн, Финансы министрлигинин өкүлү бул мыйзамга бюджеттен каражат сарпталбай турганын билдирүүдө.

Демилгечилердин айтымында, фейк аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так айтылбай калган.

Copyright © 2017 Maral FM