Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна иш сапары менен барат.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Жапаров Торугарт көзөмөл-өткөрмө пунктун көрөт. Облустун инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат.
Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.