Биз менен байланышыңыз

Парламент бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 491 | 0

Жогорку Кеңеш 17-июнда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүнү үчүнчү окууда колдоду.

Депутаттардын 83ү «макул», 10у «каршы» добуш берди.

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова.

Мыйзамга президент кол койсо, бейөкмөт уюмдар киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат берет. Долбоордун демилгечилери мындай аракеттер бирикмелердин ишинде ачык-айкындыкты камсыз кыларын айтса, укук коргоочулар, тескерисинче, чет элдик шериктештер менен иштөөдө тоскоолдук жаратарын белгилешет.

«Беймөкмөт уюмдарды «чет өлкөнүн чыккынчылары» деп аташыбыз керек»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM