Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда «Жаңы Анжиян» шаары курулат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 519 | 0

Өзбекстанда «Жаңы Анжиян» шаары курулат. Бул тууралуу kun.uz сайты жазды.

Шаардын курулушунун расмий башталышы бүгүн, 17-июнда Анжиян облусуна иш сапары менен барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу менен өтөт.

Башкы план боюнча шаардын аянты дээрлик 4 миң гектарды ээлейт. Анын 1 миң 439 гектарына турак үйлөр, мектеп, бала бакча, соода борборлору, чакан өнөр жай аймагы, оорукана салынат. Ошондой эле 499 гектарды жол-көчөлөр, 1 миң 820 гектарын жашыл аймак ээлейт.

Жаңы калаа Анжиян шаарына канатташ салынат. Ал шаар 411 миң адам жашаганга ылайыкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM