Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров мөңгүлөрдү сактоодо БУУнун колдоосунан үмүт кылат

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 584 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды.

Жолугушууда Жапаров аймактарды өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программанын алкагында Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин маалымады. Мындан улам чек ара райондорун өнүктүрүү боюнча максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин кошумчалады.

Президент ошондой эле дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп баратканын, жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо демилгелерин көтөрө турганын айтты.

Садыр Жапаров эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алпарууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер учурда Өнүктүрүү программасы иштелип жатканын, анын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү караларын билдирди.

Бул программа 2021-2026-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын приоритеттерине жооп берет.

Copyright © 2017 Maral FM