Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бардык райондору «кызыл зонага» кирди

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 2785 | 0

Бишкек шаарынын бардык райондору эпидемиологиялык абал курчугандыктан, «кызыл зонага» кирди. Бул тууралуу басма сөз жыйында Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл апрель айында Бишкектин эки району «кызыл зонада» болчу.

Акыркы бир сутка ичинде калаада жалпы 368 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Ленин районунда эле 141 адамга коронавирус жуккан. Биринчи май районунда 65, Октябрь районунда 71, Свердлов районунда 50 учур катталды.

Ооругандардын 60 пайызы — 30-64 жаштагылар.

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева тургундардын көпчүлүгү ооруп жатканын жашырышарын айтат. Ошондой эле оору аныкталган учурда иштеген жерин айтуудан баш тартышат.

«Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 23 мобилдик тобу иш алып барууда. Ленин районунда – 8 , Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунда бештен топ иштөөдө. Керек болсо, мобилдик топтор үйүңүздөргө келип, сиздерге тиешелүү жардам көрсөтөт. Ооруңуздарды жашырбаңыздар», — деди Мозгачева.

COVID-19: Бишкек, Чүй жана Ош облустарына баруу чектелет

Copyright © 2017 Maral FM