Connect with us

Ошто бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору ачылды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 438 | 0

Ош шаарында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору ачылды. Салттанаттуу иш-чарага 16-июнда Ош облусунун башчысы Жарасул Абдраимов жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт катышты.

Бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору 2020-жылы Бишкек шаарында да ачылган.

Борбор ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантуу, башка өлкөлөрдүн базарларына чыгуу үчүн Кыргызстандын товарларынын, креативдик кызматтарынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу көндүмдөрүн үйрөтөт.

Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгын тереңдетүү алкагында жаңы жумуш орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшүүсү керек.

«Ош шаарында таланттуу, чыгармачыл жаштар көп. Бул борбор жакшы технологияларды өздөшүтүрүүдө, айрыкча айыл чарбасында кайра иштетүү жаатында чоң жардам көрсөтөт деп ишенебиз», — деди Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимов.

PEAK Бизнес инновация борборлору экономиканын ар кайсы тармактарында иш алып барган стартап, чакан жана орто ишканалар менен иштешет. Бизнести ачуу, өстүрүү жана өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM