Биз менен байланышыңыз

Бир күн ичинде коронавирус 787 адамдан табылды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 461 | 0

Бүгүн, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 368, Ош шаарында — 97, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 96, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 38, Баткен облусунда — 25 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 365 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан Бишкекте 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 169 адам, ал эми амбулатордук түрдө 3 миң 712 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 18 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 455 адамдын абалы орто оор, 602 киши оор жана 94 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 112 миң 777 учур катталды. Анын ичинен 103 миң 930 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 916 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM