Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Илдет 647 адамдан табылып, 308 киши айыгып чыкты

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 486 | 0

Бүгүн, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 647 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 257, Ош шаарында — 118, Чүй облусунда — 73, Ош облусунда — 120, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда 23 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 308 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 7 киши каза болду: Бишкекте — 2, Чүй облусунда — 1, Ош шаарында — 1, Ош облусунда — 1 жана Жалал-Абад облусунда — 2 адам.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 145 адам, ал эми амбулатордук түрдө 3 миң 320 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 111 миң 990 учур катталды. Анын ичинен 103 миң 565 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 912 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM