Биз менен байланышыңыз

«Балдардын баары президент боло албайт, башкысы жакшы адам болуусуна шарт түзөлү»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Июн 2021 | 1032 | 0

Мектепте окуучунун дайыма биринчи болуусу же ийгиликтүү болуусуна караганда, ага жашоодон ордун табууга жардам берүү керек. Мындай пикирин Украинанын Киев шаарындагы «Меридиан» эл аралык мектебинин директору, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун тургуну Кумарбек Раманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мен ар бир окуучум менен отуруп маектешкенде, сүйлөшүп калганда бир эле нерсени айтам. Мыкты билим алуу, физикадан олимпиадага катышуу, ырдан, спорттон ийгилик жаратуу — негизги максат эмес, ал максатка жеткирүүчү каражат гана. Негизги максат – жашоодо өз ордуңду таап, бактылуу болуу. Адам бактылуу болгон жерде тегерегиндегилерди да бактылуу кыла алат. Жашоодо өз ордун таап, бул дүйнөгө, Мекенине жакшы кызмат кылуусу жетиштүү. Мен балдарга айтам, баарыңар президент, же депутат, же бизнесмен боло албайсыңар. Бирок баарыңар бир үй-бүлөнүн ээси боло аласыңар. Бул жөнөкөй нерселер.

Мен окуучуларымдан күткөнүм, кайда болсо дагы, эмне менен алектенсе да эң мыктысы болсун. Эң мыкты ата, эң мыкты күйөө, же ини же эже болсун, эң мыкты апа болсун, бул вакансиялардын баары бош турат. Андан да ашып жатса элди, өлкөнү башкарсын. Ал да жетпесе, анда дүйнөнү башкар, бирок эң негизгиси адам бол», — деп кошумчалады Кумарбек Раманов.

Украинанын Киев шаарындагы «Меридиан» эл аралык мектебинин директору болгон кыргызстандык Кумарбек Рамановдун маегин толугу менен төмөнкү шилтемеден окуй аласыз:

Украинадагы эл аралык мектепти жетектеген Кумарбек Раманов менен маек

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM