Биз менен байланышыңыз

Азат Аблабеков: Жылытуунун геотермалдык түрүнө өтсөк деген максаттар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Июн 2021 | 370 | 0

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы келечекте шаарга жылуулук берүүнүн экологиялык жактан таза жана үнөмдүү түрүнө өтүүнү максаттоодо. Бул тууралуу аталган ишкананын өндүрүштүк- техникалык бөлүмүнүн начальниги Азат Аблабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда геотермалдык жылуулук деген түшүнүк бар. Анда жылуулук энергиясы жер кыртышынын же жер алдындагы суулардын жылуулугун пайдалануу менен өндүрүлөт. Бул ыкманын артыкчылыгы көмүр менен жаратылыш газына окшоп, абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Жана электр энергияга 4 эсе үнөм болот.

«Шаар жергесиндеги социалдык объектилерде, өнөр жай объектилеринде жаңыдан ошол ыкманы колдонуп башташты. Биз да ошол чөйрөнү жаңыдан изилдеп, үйрөнүп, ошону колдонсок деген максатыбыз бар. Буюрса, жакын арада эксперименталдык түрдө өзүбүздүн отканабызда иштетип көрсөкпү деп жатабыз. Азыр биздин шаарда бул багытты өздөштүрүп жаткан адистер бар экен, биз алар менен да жолугуп сүйлөшүп жатабыз. Андай ыкмага толук өтүүгө канча каражат кетерин азырынча эсептеп көрө элекпиз. Экологиялык жактан таза ыкма болгондуктан, албетте, кымбат болот. Агрегаттары бизде өндүрүлбөйт, чет жактан сатып алууга туура келет. Биз баарын изилдеп, тактап, бир комплекс кылып чогултуп алгандан кийин чет мамлекеттерден бааларын тактап баштайбыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM