Биз менен байланышыңыз

Азат Аблабеков: Биздин отканалар ысык суу берүүгө даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Июн 2021 | 479 | 0

Бишкекте ысык суу 17-июндан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу  «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын өндүрүштүк- техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Азат Аблабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкана кызматкерлерине бир ай ичинде отказандарды, жылуулук берүүгө байланышкан жабдууларды, тетиктерди, насос агрегаттарын профилактикалык оңдоодон өткөрүү милдеттендирилген.

«Бүгүнкү күндө пландаштырылган иштердин баары толугу менен аткарылды. Шаар тургундарына ысык суу берүүгө биздин бардык отканалар даяр. Буюрса, 17-июнда ысык суу беребиз деген ойдобуз», — дейт ал.

Ал ысык суунун дээрлик бир айга токтоп жатканына нааразы тургундарга жооп кылып, жабдыктарды бир жыл тынбай ысык суу берүүгө даярдоо оңой иш эмес экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM