Биз менен байланышыңыз

Социалдык төлөмдү 1%га көтөрүү демилгеси нааразычылыктарды туудурууда

Коом , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 1225 | 0

Өлкөдө буга чейин колдонулуп келген мыйзам актыларын үстүбүздөгү жылдын 5-майында Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы Башмыйзамга ылайыкташтырып иштеп чыгуу жараяны жүрүүдө. Мунун негизинде «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 27-майда коомдук талкууга коюлду. Өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдардын катарында «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча бааракынын топтолуучу бөлүгүн каржылоого каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кодекстери бар.

Кыргызстандагы ишкерлер дал ушул кодекстерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө, жаңы редакциясына каршы. Алар жаңы кодекстерде көптөгөн кемчиликтер жана тобокелдиктер бар экенин эскертишип, кооптонуусун билдиришүүдө. Айрыкча, жеке менчик ишканалардын социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүнүн 1%га жогорулатылганы да экономикалык жактан кыйын кырдаалда турган ишкерлердин нааразычылыгын ого бетер күчөттү. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ишканалар ай сайын өздөрүндө эмгектенген кызматкер-жумушчулардын айлыгынын 27,25%ын Социалдык фондго камсыздандыруу төгүм катары төлөп келишет. Анын 10%ы кызматкер же жумушчунун маянасынан кармалса, калган 17%ы иш берүүчү тараптын эсебинен кетет. Мындай маалыматты Социалдык фонддун басма сөз катчысы Адилет Абдылдаев билдирип, кармалган каражат кандайча сарпталарын түшүндүрүп берди.

«Кызматкерлердин айлык маянасынан 10%ы кармалат. Анын ичинен 8%ы пенсиялык фондго которулат. Демек, азыркы пенсия алып жаткан пенсионерлерге сарпталат. Калган 2%ы топтомо фондго кетет. Демек, баалуу кагаздарга, депозиттерге салынып, инвестиция алып келет».

Аталган мыйзамдын жаңы редакциясында социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчүлөр үчүн 15,25%, кызматкерлер үчүн 13% деп белгиленген, тактап айтканда, учурда колдонулуп жаткан мыйзамда көрсөтүлгөн 27,25%дын ордуна 28,25% болуп, 1%га жогорулатылган.

Мындан улам Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Президенттин быйыл 5-майдагы кайрылуусунда айтылган жоболорго каршы келген, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө таң калганын жана капа болгонун билдирди.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев бул демилге азыркы экономикалык кыйынчылык учурунда ишкердик субъектилерге, бизнес чөйрөсүнө жана инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин баса белгиледи. Андан тышкары мыйзам долбоору ири коррупцияга жол ача турганын, ишкерлердин көмүскө экономикадан чыгышын жеңилдетпей, тескерисинче, милдеттүү төлөмдөрдүн мамлекетке келип түшүүсүнө терс таасирин тийгизүү ыктымалы барын эскертип өттү.

«Эмне үчүн бизнес көмүскөгө кетип жатат?» деген суроого мындай жооп берет элем. Биз ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, бардык ишкерлер: «Социалдык төлөмдүн тарифинин өтө эле жогору болгонуна байланыштуу», — деп айтышты. Азыр тескерисинче, социалдык төлөмдүн пайызын азайтуу керек».

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев да камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө каршы. Ал жетектеген ассоциация буга чейин ишканаларды ачык бизнеске чыгаруу үчүн социалдык төлөмдөрдү 50%га кыскартууну демилегелеп келишкен.

Ал ошол кошулган 1% да ишкерлерге аябагандай терс таасирин тийгизерин айтат.

«Канча жылдан бери демилгелеп, социалдык төлөмдү 50% чейин төмөндөткүлө деп, бул маселени көтөрүп жатабыз. Ушундай учурда булар эң оңой жолду тандап, башын ооруткусу келбей, 1%га көтөрүп коюшту. Алар ойлоп жатышат, «1%га көтөрсөк, жумуш берүүчүгө эч кандай таасир тийбейт» деп. Өтө чоң таасир тийгизет. Бул такыр туура эмес нерсе». 

«Eltex» брендинин негиздөөчүсү, ишкер Нуржан Казакбаева чет өлкөлөрдө бийлик өкүлдөрү ишкерлерге колдоо көрсөтүп, жардам беришсе, бизде тескерисинче ишкерлерге «кысым» көрсөтүп келишерин айтып нааразы болду. Казакбаева азыркы экономикалык кризисти, эпидемиологиялык абалды жана өлкөдөгү жагдайды эске алып, ишкерлерге жеңилдиктерди берип, пайызын төмөндөткөндүн ордуна, көтөрүп салгандарын сындады.

«Башка өлкөлөрдө ишкерлерди дайыма колдоп, кичинекей бир бизнес ачса да, ага шарт түзүп, мүмкүнчүлүк беришет. Таң калам. Бизде болсо тескерисинче, бир киши бизнес ачам десе, бут тосуулар башталат. Азыркы абал мындай өзгөрүүлөргө такыр туура келбейт. Мен каршымын, кыйла кыйынчылыктар жаралат. Бир гана ишкерлерге эмес, бардык жарандарга да».

Белгилей кетсек, ишкерлердин сурамжылоосунун алкагында 20%дык төлөм ыңгайлуу деген пикир жаралган. Анын 10%ы кызматкердин маянасынан кармалса, 10%ын иш берүүчү кошуп төлөйт.

Жыйынтыгында, көпчүлүк ишкерлер төлөм 28,25% жогорулаганына каршы. Себеби 1% болсо да ишкерге аябагандай чоң таасирин тийгизет.

Copyright © 2017 Maral FM