Биз менен байланышыңыз

«Жаңы кодекстер инвесторлорду качырышы мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Июн 2021 | 471 | 0

Жаңы кодекстер кабыл алынса, Кыргызстан инвесторлордун кызыгуусун жоготушу мүмкүн. Мындай пикирин Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда иштеп жаткан Улуттук өнүгүү стратегиясында 2040-жылга чейин бизнеске жагымдуу 30 өлкөнүн катарына кирүү талабы коюлган.

«Эгер биз жаңы кодекстерди кабыл алсак, тилекке каршы, андай болбой калат. Андан тышкары дүйнөлүк рейтингдерди ылдый кетүү кооптуулугу бар. Жаны кодекстердин долбоорлору 1997-жылы кабыл алынган кодекстерге окшоп кетет экен. Бул биздин чөйрөнү жакшыга алып келбей турган кодекстер болот», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM