Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Япония менен беттеште болгон күчүбүздү жумшайбыз

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1216 | 0

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 15-июнда Япония менен өтө турган оюн, ага көрүлгөн даярдык тууралуу айтып берди.

Ал айрым оюнчулар коронавируска чалдыккан адам менен байланышта болгон делип, «сары тизмеге» киргизилип, оюнга даярдыктар үзгүлтүккө учурап жатканына карабай, камылганы улантып жатышканын белгиледи.

«Өтө кыйын атаандашыбыз бар. Буга чейин Япония менен биринчи айлампада Бишкекте ойногонбуз. Ал оюн бир топ эле жакшы өткөн, андан да жакшыраак ойносок болмок. Жеке каталар болгон, Япониянын тажрыйбалуу болгону да таасирин тийгизди. Бирок бүгүнкү абал такыр башка. Биз бул абалда болгон күчүбүздү жумшоого аракет кылабыз», — деди ал.

Крестинин эки тарап тең бири-бирин изилдеп, ага жараша даярдык көрүп жатканын айтып өттү.

«Оюн кызыктуу өтөт деп ойлойм. Биз атаандашыбыз, алар биз тууралуу көп нерсени билет. Ага ылайык даярдык көрүп жатабыз. Атаандаштарыбыздын күчтүү жактарын билебиз, алардын кемчиликтерин колдонууга аракет кылабыз. Бирок атаандашыбыз бизди жакшы изилдеп чыкканын түшүнүп турабыз», — деди ал.

Япония менен оюн бүгүн Суйта шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

2019-жылы Бишкекте Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Япония менен ойноп, 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Мурунку беттештердегидей бул оюнга Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев чыгышпайт. Дарбазада Бишкектен Японияга атайын учуп барган Павел Матьяш турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Өткөн оюнда Мьянманы жеңген Кыргызстан экинчи орунга көтөрүлдү (10 упай). Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештери «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарында жана Sportrecs платформасында көрсөтүлүүдө.

Кыргызстандын курамасы Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM